Иран Сирияга кошумча күчтөрдү жөнөтүүдө

Автор

Иран колдогон Ирактын куралдуу топтору Сирия чек арасынан өтүп, Алеппону басып алган согушкерлерге каршы күрөшүп жаткан өкмөттүк күчтөргө жардам берүү үчүн киришти.
Ирактык жана сириялык булактар кошумча күчтөрдүн жөнөтүлгөнүн ырасташты. Ирандын тышкы иштер министри Тегеран «керектүү колдоонун баарын көрсөтөрүн» жана «каршылык көрсөтүү топтору» Асадга жардамга келерин билдирди.
Сириядагы кырдаал ноябрь айынын аягында курчуй баштады. Козголоңчулар өкмөттүк күчтөргө каршы чабуул жасап, өлкөдөгү экинчи ири шаар – Алеппону басып алышты. Учурда түндүк-батыш Сирияда 2020-жылдан бери алгачкы жолу катуу согуш аракеттери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Орозбек Опумбаев кайда болгонун айтты

УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев 2020-жылдагы октябрь окуяларында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болгонун айтты. Кечээ 2-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча отурум болуп, анда Опумбаев күбө катары көрсөтмө берген. Ал журналисттердин бир топ суроолорун жоопсуз калтырган. Орозбек Опумбаев 2020-жылдын 9-октябрында кызматтан алынган. Ошондон бери ал коомчулукка көрүнгөн […]

Сизге жагышы мүмкүн