Иран: Президенттикке талапкерлердин ысымдары жарыяланды

Автор

Ирандын шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин тизмесин расмий түрдө бекитти. Тизмеге төмөндөгү алты саясатчы кирди.
Махмуд Ахмадинежаддын тушунда Ички иштер министринин экс-башчысы Мостафа Пурмохаммади;
Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешиндеги жогорку лидердин өкүлү Саид Жалили;
Учурдагы парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф;
Тегеран шаарынын мэри Алиреза Закани; Ирандын саламаттыкты сактоо жана медициналык билим берүү экс-министри жана парламент мүчөсү Масуд Пезешкиан; Ардагерлер иштери боюнча фонддун башчысы Амир-Хосейн Газизаде-Хашеми.
Тизмеге Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад жана өлкөнүн тарыхындагы биринчи аял талапкер Зохре Алахиян кирген эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Кувейтке жаңы элчи дайындалды

Экономика илимдеринин кандидаты Нурлан Токобаев Кыргызстандын Кувейттеги толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси мындан мурда Азамат Карагулов эле. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн