Иран “Жайш аль-Адль” тобунун Пакистандагы эки базасына сокку урганын Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады. Бул Тегеран Ирак менен Сириянын түндүгүнө сокку ургандан кийинки күнү болду.
Пакистан бийлиги Ирандын аракеттерин мыйзамсыз деп атап, соккудан эки бала жок болуп, үчөө жарадар экенин билдирди. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Ирандын ишенимдүү өкүлүн чакырып, өлкөнүн аба мейкиндигин негизсиз бузганына нааразылык билдирди.
Базалар Пакистандын Иран менен чектешкен Белужистан провинциясында жайгашкан. Буга чейин Иран бийликтери “Жайш аль-Адль” согушкерлери чек ара аймактарында Ирандын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнө кол салууларды жасаганын билдирген. Тегеран бул топту террористтер деп эсептейт.