Иран Ислам Республикасы кулаган тик учактын табылышы боюнча Түркияга жооп кайтарды. Анда “Ибрахим Раисини алып бараткан учактын кулаган жерин Түркиянын “Акынжы” аттуу дрондору тапкан жок. Ирандын улуттук дрондору таап чыгып, жерин коргоо министрлигине маалымдады”,- деген.
Ирандын мындай билдирүүсү Түркияда ар түрдүү талаш – тартыштарды жаратты. Айрым саясатчылар Түркияда Раисинин өлүмүнө байланыштуу бир күндүк аза күтүү күнүн жарыялоону түрк өкмөтүнүн катасы деп эсептешүүдө.