Иран Израилден кийин АКШны эскертти

Автор

Иран Израилдин аймагына соккуларды жасагандан кийин АКШга кайрылып, аймактык согушту көздөбөй турганын, бирок мындан ары «бир тараптуу карманбай турганын» эскертти.
ММКлардын маалыматы боюнча, Иран өз билдирүүсүн АКШнын жетекчилигине Катар аркылуу жеткирген. Анда Израилдин ар кандай чабуулуна Иран «өзгөчө» жооп кайтараары, анын ичинде Израилдин инфраструктуралык объектилери да бутага алынаары айтылган.
1-октябрга караган түнү Израилдин Коргоо армиясы Ливандын түштүгүндө кургактыкта операциясын баштаганын маалымдаган. ЦАХАЛ «Хезболла» аскердик тобуна каршы чек ара аймагында рейддерди жүргүзүп жатканын билдирген. Бир аз убакыттан кийин Иран Израилдин аймагына жүздөгөн ракета учурган. Окуяга Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жооп кайтарып, бул Иран үчүн чоң ката болгонун айтып, чабуулга жооп кайтараарын эскерткен. Иран болсо Израилге жасаган соккуларды өзүн-өзү коргоо катары мүнөздөп, анын аяктаганын жарыялаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Дагы бир "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Бишкекте дагы бир “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Дарыкана №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Правда жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги филиалында уюштурулду. Бул тууралуу ведомстводон билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Бул Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын базасында ачылган 19-мамлекеттик дарыкана, учурда республика боюнча 88 дарыкана иштейт. Дарыкана […]

Сизге жагышы мүмкүн