Иран Израилге 180 баллистикалык ракета учурду

Автор

1-октябрдын кечинде Иран Израилдин аймагына баллистикалык ракеталар менен массалык сокку урду. Израилдин бардык аймагында аба чабуулу жөнүндө сиреналар жаңырды. Израилдин бийлигинин маалыматы боюнча, Иран 180 баллистикалык ракета аткан. Курмандыктар жана кыйроолор жөнүндө азырынча маалымат жок.
«Иран чоң ката кетирди жана бул үчүн жооп берет. Ирандагы режим биздин өзүбүздү коргоо жана душмандарыбыздан өч алуу чечкиндүүлүгүбүздү түшүнбөйт. Биз өзүбүз койгон эрежени карманабыз. Ким бизге кол салса биз ага жооп кайтарабыз»,-деди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.
АКШнын президенти Жо Байден Ирандын чабуулу кайтарылганын жана ал натыйжасыз болгонун билдирди.
Өз кезегинде Ирандын бийлиги Израилдин аскердик объектилерине гана сокку урганын, толук масштабдуу согуш каалабай турганын, бирок, өзүн-өзү коргоого даяр экенин маалымдады.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилге жасалган соккулар ХАМАСтын лидери Исмаил Хания Тегеранда өлтүрүлгөнүнө, ошондой эле 28-сентябрда Бейрутка болгон соккудан Хезболланын лидери Хасан Насралланын өлүмүнө жооп деп түшүндүрдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Тайып Эрдоган:"Терроризм, кол салуу, курчап алуу босогобузга келди"

Израилдин Палестина менен Ливиядан кийинки көз коё турган аймагы Түркия деп билдирди президент Эрдоган. Ал “Түркия Ливия менен Сирияга 170 км. Унаа жолу аркылуу 2.5 саатта жетсе болот. Тактап айтканда, терроризм, кол салуу, курчап алуу босогобузга келди. Түркия Израилдин жанында турсун дегендерге айтаарым, айрыкча, “Хамас” террордук уюм дегендердин эсине салам, […]

Сизге жагышы мүмкүн