Иран бийликтери Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттери үчүн Эл аралык кылмыш сотуна доо арыз менен кайрылууга ниеттенүүдө.
Бул тууралуу Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Насер Канани Чафи билдирди.
«Иран Ислам Республикасы Ислам Кызматташтык Уюмунун Эр-Риядда өткөн саммитинин резолюциясына ылайык, Эл аралык кылмыш сотуна бериле турган доо арызды даярдоо үчүн атайын комиссия түздү»,-деди Канани Чафи.