Иран Афганистан менен чек арасына дубал курду

Автор

Иран Афганистан менен чек арасына дубал курду
Иран бийлиги Афганистан менен чек арага узундугу 10 чакырымдан ашкан дубал курду. Эми 50 чакырым курууну пландап жатат. Бул тууралуу Иран армиясынын кургактык аскерлеринин колбашчысынын орун басары, бригадалык генерал Нозар Немати “Tehran Times” басылмасына билдирди.
Буга чейин, Иран бул аймактагы мамлекеттик чек арага узундугу 295 чакырым, бийиктиги төрт метр болгон дубал курууну көздөп жатканын кабарлашкан.
Нозар Немати чек араны жабуу коопсуздукту жогорулатып, аткезчиликти токтотууга шарт түзөөрүн, бул өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жана чек ара өткөөлдөрүн натыйжалуу башкарууга жардам бере турганын баса белгиледи.
Иран менен Афганистандын чек арасынын узундугу 900 чакырымдан ашат. Иран дүйнөдөгү эң чоң афган качкындар тобу жайгашкан өлкө болуп саналат. Тегеран афган качкындарынын саны боюнча расмий маалыматтарды жарыялаган эмес, бирок парламент мүчөсү Абольфазл Торабинин айтымында, алардын саны өлкөдө жети миллионго чейин деп эсептелет.

Бөлүшүү:
Next Post

Ачыла элек борборду талашкандар көп

Маданият министрлиги Түркиянын Анкара шаарында “Чыңгыз Айтматов борборун” түзүүнү пландап жатат. Тийиштүү жактар менен талкуу жүргүзүлгөндөн кийин президенттин макулдугуна жөнөтүлгөнү маалым болду. Белгилүү болгондой, борбордо 4 кызматкер эмгектенет, алардын бири жетекчилик кызматты аркалайт. Жогорку деңгээлдеги айлык маянасы да каралган. Бирок, кол ийрисине тартат болуп, дале чоңдордун дос-чары, тууган-туушкандары баратабы? Анда […]

Сизге жагышы мүмкүн