Иран армиясы ири машыгуу баштады

Автор

Иран армиясынын кургактагы күчтөрү Исфахан провинциясында 2 күндүк масштабдуу аскердик машыгуусун баштады.
Ирандын расмий  маалымат агенттиги IRNAнын маалыматына ылайык, кургактагы күчтөрүнүн  «Эктэдар 1402»” деп аталган машыгуусуна ракеталык, артиллериялык, аба-десанттык, жөө аскерлер, бронетранспортер, аба-десанттык, электрондук согуш жана заманбап согуш бөлүктөрү катышууда.
Исфахандын Насрабад аймагында 2 күнгө созула турган чоң масштабдуу машыгууга 200дөн ашуун транспорт жана чабуул тик учагы катышып, аба күчтөрүнө караштуу бөлүктөр да колдоо көрсөтүүдө.
Машыгууда мүмкүн болуучу коркунучтарга каршы кургактык күчтөрүнүн согуштук жана коргонуу жөндөмдүүлүгү бааланат.

Бөлүшүү:
Next Post

28-октябрга карата аба ырайы

28-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22   Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн