Ирандын чабуулунан кийинки кадамдар талкууланууда

Автор

Америкалык NBC News телеканалы өз булактарына таянып кабарлагандай, Израил ракеталарды жана учкучсуз учактарды колдонуу менен массалык соккудан кийинки кадамдарды талкуулап жатат. Ошол эле учурда, Кошмо Штаттар Израилдин жообу “чектелген” болот деп болжолдоодо.
Басылма белгилегендей, Ирандын аскерлерине жана бул өлкө колдогон Ирандан тышкаркы күчтөргө сокку урулат.
13-апрелдин кечинде Иран Израилди ондогон учкучсуз учактар ​​жана ракеталар менен аткылаган.
Беш саатка созулган чабуул 1-апрелде Дамасктагы Иран консулдугуна жасалган чабуулга жооп болгонун билдирген.
Франциянын президенти жана Германиянын канцлери баш болгон европалык лидерлер кол салууну айыпташты. Эммануэль Макрон Иранды изоляциялоону талап кылды. Өз кезегинде Россия Жакынкы Чыгыштын бардык өлкөлөрүн сабырдуулукка чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Аксыда каналдар ташып, жолдорду жууп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, 15-апрель күнкү жаандан улам Аксы районуна караштуу 7 айылды суу каптап, жолдорду жууп кетти. Маалыматта айтылгандай, Аксынын Аркыт айылындагы Сарай-Сайы ташыган. Жүзүмжан айылында болсо, Эшме-Сай жана Бөктөр сайларынан сел жүрдү. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн Жалал-Абад шаарында суу каптап жатканын кабарлады. ӨКМ 15-16-апрелде Чүй, Талас, […]

Сизге жагышы мүмкүн