“Иран өз аскерлеринин Израилдин Иранга чабуулунан улам курман болгонун жөн калтырбайт. Тегеран Тель-Авивге «тандалган убакта» жооп кайтаруу укугун пайдаланат”,-деп билдирди Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи.
«Биздин шейиттерибиздин каны жөн эле калбайт. Израилдик режимдин аракеттерине жооп кайтаруу укугубуз бар жана бул тандалган убакта ишке ашырылат»,-деген министрдин сөзүн Jamaran агенттиги жазды.
Ишембиге караган түнү Израил коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) 1-октябрда мамлекетине жасалган чабуулдарга жооп катары Ирандагы аскердик объекттерге сокку урганын билдирди.
IRNA агенттигинин маалыматы боюнча, Ирандын мунай өнөр жай объекттери жабыркаган эмес. Ирандын жалпыга маалымдоо каражаттары төрт аскер кызматкери каза болгонун кабарлады.