Ирандын президенти түшкөн тик учак жардырылганы тууралуу божомол четке кагылды

Автор

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өлкөнүн президенти Ибрагим Раиси түшкөн тик учактын кыйрашын иликтөө боюнча экинчи отчетун берди. Анда диверсия же атайын бузуу аракеттеринен улам кыйраганы жөнүндөгү версия четке кагылды.
Жардырылганы тууралуу маалымат тик учактын сыныктарын жана бөлүктөрүн экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы менен жокко чыгарылды.
Учкучтардын сүйлөшүүлөрүн текшерүү учурунда өзгөчө кырдаалдын далили табылган жок. Акыркы жолу алар тик учак кулаганга 69 секунд калганда байланышка чыгышкан.
Баяндамада ал күнү аба ырайы учканга “ылайыктуу” делген метеорологиялык отчет ката чыкканы айтылган.
Ирандын президенти Ибрагим Раиси түшкөн тик учак 19-майда кыйраган. Бортунда президент менен бирге расмий өкүлдөрдүн делегациясы, Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахиан болгон. Аман калгандар жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат студенттердин жол акысын жеңилдетүү сунушун киргизди

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров студенттердин жол акысын арзандатуу боюнча маселе көтөрүп, “мэрия аларга “студенттик жол акы” деген жеңилдикти уюштуруп бериши керек. Студент окуганга келген, анын акчасы жок. Билим алып жаткандарга биз жеңилдиктерди көрсөтүшүбүз керек”,- деди. Андан сырткары Түштүк аймагынан келген студенттер үчүн учак тарифтерин арзандатууну айтты. Белгилүү болгондой, мындан […]

Сизге жагышы мүмкүн