Ирандын президенти тик учак кырсыгынан каза болду

Автор

Ирандын президенти Ибрагим Раиси Чыгыш Азербайжандын түндүк-батыш провинциясында тик учак кулап каза болду. Ал 63 жашта болчу.
Тик учак Ирандын Азербайжан менен чектешкен Жулфа шаарына жакын жерде жана Тегерандан 600 чакырым алыстыкта ​​кулаган.
Учакта президенттен тышкары тышкы иштер министри Хусейн Амир Абдулахиан, Чыгыш Азербайжандын губернатору Малик Рахмати жана Тебриздин имамы Мухаммад Али аль-Хашем болгон, алардын баары көз жумган.
Раиси 2021-жылы Ирандын президенти болгон. Буга чейин саясатчы Ирандын Жогорку соту жана башкы прокурору болуп иштеген. Ал Мухаммед пайгамбардын урпактарына таандык экенин билдирген сейд деген ардактуу наамга ээ. 2019-жылдан бери ал АКШ жана Евробиримдиктин санкцияларында турат. Үй-бүлөлүү, жубайы философия илимдеринин доктору, жазуучу. Алардын эки кызы бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Башаламандык уюштургандар камалат

Алар эң ириде, мамлекеттик түзүлүшкө кол салышты. Атайын тукуруу жолу менен жалган маалымат таратып, жаштарды көчөгө чыгууга үндөшкөн. Булар кармалып, камалышат. Мындай маалыматты Эдил Байсалов билдирди. Чет элдик студенттерге кол салууну уюштургандар жатаканага кирип барышып, студенттерди сабашкан. Акчаларын, баалу буюмдарын тартып алышкан. ИИМдин маалыматында, азия түспөлүндөкү 4 бала Атай Ооганбаев […]

Сизге жагышы мүмкүн