Ирандын президенти Сириядагы абал боюнча Путинге жолугат

Автор

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жакында Россиянын президенти Владимир Путин менен Сириядагы окуяларды талкуулоо үчүн жеке жолугушуу өткөрөрүн билдирди. Бул тууралуу IRNA агенттиги өзүнүн X платформасында жазды.
Буга чейин Путин ирандык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн. Анда саясатчылар Сирияда абалдын курчуп кетишине көңүл бурушкан. Бул кырдаалды «террордук топтордун масштабдуу агрессиясы» деп мүнөздөп, максаты Сирия мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, саясий жана социалдык-экономикалык туруктуулугуна зыян келтирүү экенин белгилешкен.
Сириядагы куралдуу топтор 27-ноябрда Алеппо аймагына чабуул баштаган. Жоочулар өз аракеттерин Сирия армиясынын жана ага союздаш күчтөрдүн чабуулдарынын көбөйүшү менен түшүндүрүштү.

Бөлүшүү:
Next Post

Өкмөттүн өкүлүнө депутаттар нааразы болушту

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетовага депутаттар эскертүү беришти. Ал бүгүн, 3-декабрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитеттин жыйынына даярдыксыз келген. “Бүгүнкү күнү Памирден келген канча кайрылман паспорт алды”,- деп сурады депутат Чолпон Султанбекова. Министрдин орун басары “бул боюнча департамент жооп берсин”,- деди. Анын […]

Сизге жагышы мүмкүн