Ирандын президенти Россияны Израилдин «кылмыштарына» каршы активдүү болууга чакырды

Автор

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда Израил менен болгон жаңжал маселесин көтөргөнүн айтты. Москваны Ливан жана Газадагы Ирандын аракеттери боюнча активдүү роль ойноого чакырды.
«Биз аймактагы маселелерди талкууладык. Атап айтканда, Россия сионисттик режимдин Ливан жана Газадагы аялдарга жана балдарга каршы кылмыштарына карата активдүү роль ойношу керек»,-деди Пезешкиан. Ал АКШ жана Европа өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну басаңдатууга тоскоолдук кылып жатат деп эсептейт.
Ирандын президентинин айтымында, ал Путин менен газ, жол жана темир жол куруу, сууну туздан арылтуу жана энергетика, мунай химиясы жана электр энергиясын камсыз кылуу тармактарындагы бир катар долбоорлорду тездетүү боюнча макулдашты.
Иран менен Россия президенттеринин биринчи бетме-бет жолугушуусу Ашхабадда «Доорлор жана цивилизациялардын байланышы» форумунун алкагында 11-октябрда болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Дмитрий Бивол профессионалдык карьерасында биринчи жолу жеңилди

Сауд Арабияда өткөн орто оор салмактагы чемпиондук үчүн беттешинде Дмитрий Бивол атаандашы Артур Бетербиев утулуп калды. Бул беттеште Бетербиев да, Бивол да өтө чеберчиликтеги кармашууну көрсөтүштү. Кармаш 12 раундга чейин уланды. Мелдеште кимиси күчтүү экени да күйөрмандарга табышмак болуп калды. Бирок калыстар 114:114, 116:112, 115:113 деген баасын берип, жеңүүчү катары […]

Сизге жагышы мүмкүн