Ирандын президенти Ибрахим Раиси түшкөн тик учак күйүп кеткен

Автор

Буга чейин Reuters агенттиги ирандык аткаминерге таянып, тик учак кулагандан кийин толугу менен күйүп кеткенин билдирген. Жүргүнчүлөрдүн тагдыры тууралуу азырынча расмий маалымат жок.
ISNA агенттиги Ирандын президенти Ибрахим Раисинин тик учагы кыйраган жерден сүрөт жарыялады. Сүрөттө дөңсөөдөгү бак-дарактардын арасында тик учак тартылган.
Ирандын президенти бараткан тик учак 19-майда түштөн кийин Ирандын лидери менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жолугушуусунан кийин кулап түшкөн. Ал Чыгыш Азербайжан аймагына катуу конгон.
ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, бүгүн таңкы саат 5:30 чамасында Кызыл Жарым Айдын куткаруучулар тобу президент жана аны коштоп бара жаткандар түшкөн тик учактын кулаган жерин табышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Пакистандын тышкы иштер министри Бишкекке келет

Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар Бишкекке келет. Бул тууралуу пакистандык жергиликтүү басылмалар жазды. Маалыматта айтылгандай, тышкы иштер министрин Кашмир иштери боюнча министри Амир Мукам да кошо келери белгилүү болду. Мындай чечимди Пакистандын өкмөт башчысы Шехбаз Шариф кабыл алган. Ал Кыргызстанга келе турган делегацияга Бишкектеги пакистандык студенттердин жагдайынан жеринен барып […]

Сизге жагышы мүмкүн