Иранда кыйраган тик учакты издөө иштери 10 саатка жакын убакыттан бери уланууда. Кемеде Ирандын президенти Ибрагим Раиси жана тышкы иштер министрлигинин башчысы болгон
IRNA агенттиги Ирандын вице-президенти Мохсен Мансуринин сөзүнө таянып, тик учак катуу конгондон кийин Ирандын президентин коштоп жүргөн эки адам бир нече жолу байланышка чыкканын, кырсыктын масштабы өтө олуттуу эмес экенин көрсөткөнүн кабарлады.
Кырсык болгон жерге Кызыл Жарым Ай жана Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери дароо жиберилген. Анын командири Хоссейн Салами тик учактын жүргүнчүлөрү байланышка чыкканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.
Учакта президенттен тышкары дагы бир нече адам, анын ичинде тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан болгон.
Эске сала кетсек, Ирандын президенти Ибрагим Раиси Азербайжандын лидери Илхам Алиев менен эки мамлекеттин чек арасында жолугушуудан кайтып келе жаткан.