Ирандын президенти БУУнун трибунасынан Израилдин зомбулугун токтотууга чакырды

Автор

Иран президенти Масуд Пезешкиан БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жатып, эл аралык коомчулукту зомбулукту, Газа тилкесинде ок атышууну, Израилдин Ливандагы зомбулугун токтотууга чакырды. Анын айтымында, өткөн жылы дүйнө Израилдин Газадагы “ырайымсыздыктарынын” күбөсү болду. “Он бир айдын ичинде Израил 41 миңден ашык күнөөсүз адамдарды – негизинен аялдар менен балдарды кандуу өлтүрдү. Анын лидерлери бул геноцидди, балдарды өлтүрүүнү, согуштук кылмыштарды жана мамлекеттик терроризмди “мыйзамдуу коргонуу” деп аташууда”,-деп билдирди Пезешкиан.
“Биз Израилдин жырткычтыгына нааразы болуп көчөгө чыккан адамдарды дүйнөнүн бардык бурчунда колдойбуз. Израилдин адамзатка каршы жасаган кылмыштарын айыптайбыз. Эл аралык коомчулук тез арада зомбулукту токтотуп, Газа секторунда ок атышууну токтотууну камсыз кылышы керек. Израилдин Ливандагы үрөй учурарлык аракеттерин токтотушу абдан маанилүү. Ал бүт аймакты жана дүйнөнү каптап кетиши мүмкүн”,-деп кошумчалады ал.
Иран президенти Израилдин акыркы аракеттерин Ливандагы массалык агрессия катары сыпаттап, миңдеген курмандыктарга алып келген бул аракеттер жоопсуз калбашы керектигин белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Аба ырайы: Эртең жамгыр жаайт

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9  метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө […]

Сизге жагышы мүмкүн