Ирандын министри Израилдин чабуулун оюнчукка салыштырды

Автор

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиян Израилдин 19-апрель күнү эртең менен Исфахан провинциясында учкучсуз учактын чабуулуна катыштыгы бар экенин моюнга алуудан баш тартып, аны “балдардын оюнчуктарына” салыштырды.
«Кечээ болгон окуя сокку болгон жок. Бул дрондорго эмес, биздин балдар ойногон оюнчуктарга окшош болчу»,-деди Абдоллахиян.
Иран министри Нью-Йоркто болду. Ал Палестинанын уюмга кирүү маселеси боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышкан. Журналисттер менен сүйлөшүү учурунда Абдуллахиан Иран “оюнчук” чабуулга жооп бербей турганын ачык айтты.
Ошол эле маалда Абдоллахиян Иранга Израил тараптан кол салуу болсо, жооп чагылгандай тез жана катуу болорун кошумчалады.
19-апрелге караган түнү маалымат каражаттары Израил Ирандын аймагына жооп иретинде сокку урганын жазып чыгышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдеште Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Азиялык Олимпиадалык квалификациялык мелдеште Мээрим Жуманазрова 68 кг салмакта күч сынашты. Ал жарым финалында ал өзбекстандык Набира Эсенбава менен күрөшүп, 7:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул жеңиши менен Жуманазарова Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. Азиялык лицензиялык мелдеште спортчулар […]

Сизге жагышы мүмкүн