Ирандын Жогорку лидери Сириядагы окуяларга тиешеси барларды атады

Автор

Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи Башар Асаддын өкмөтүн кулатуу АКШ менен Израил тарабынан пландалганын жана мунун далилдери бар экенин билдирди. Ошондой эле бул «орток планга» Сирия менен коңшу болгон дагы бир мамлекеттин тиешеси бар экенин айтты.
«Сирияда болуп жаткан окуялар – бул америкалыктар менен сионисттердин биргелешкен планы экенине эч кандай шек жок. Сирияга коңшу болгон бир мамлекет да өз ролун аткарды. Бирок негизгилери АКШ жана сионисттер. Буга далилдер бар»,-деди Али Хаменеи элге кайрылуусунда.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеште 2025-жылдын бюджети кабыл алынды

Жогорку Кеңеште 2025-жылдын бюджети кабыл алынды. Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, […]

Сизге жагышы мүмкүн