Ирандын генералдары набыт болду

Автор

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлдөрү Израилдин Сириянын баш калаасы Дамасктагы Иран консулдугунун имаратына жасаган соккусунан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жети мүчөсү өлгөнүн ырасташты. Дагы бир нече киши жарадар болду.
Курман болгондордун арасында сакчылар корпусунун генералы Мохаммад Реза Захеди жана анын орун басары генерал Мохаммад Хади Хажи Рахими да бар.
Сириянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, израилдик учактар ​​жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00 чамасында Голан дөңсөөлөрү тараптан консулдуктун имаратына сокку урду.
Сириянын абадан коргонуу системалары ракеталардын бир бөлүгүн атып түшүргөн. Израилдин аскерлери бул кабарларга комментарий бербестигин билдирди. Консулдуктун имараты толугу менен талкаланган.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канаанинин айтымында, Тегеран Дамаскка сокку урган «агрессорлорго» жооп кайтаруу чараларды көрүү укугун өзүнө калтырат.
Генерал Захеди ким болгон
Бригадир генерал Мохаммад Реза Захеди маанилүү фигура болгон. Корпуска 44 жыл мурда келген. 2008-2016-жылдары Сирия жана Ливандагы аскердик операцияларга катышып, Башар Асаддын режими тарабында болгон. Бул аралыкта жогорку даражага жеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын оор атлетика курамасы Таиландда лицензиялык мелдешке катышууда

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасы лицензиялык мелдешке катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш Таиланддын Пхукет шаарында 27-мартта башталган, 12-апрелде жыйынтыкталат. Ага 109 өлкөдөн келген 409 спортчу катышууда. 3-апрелден тарта кыргызстандык спортчулар килемге чыгат. Алгачкылардан болуп Эльзар Таиров (73 кг) өз күчүн сынап […]

Сизге жагышы мүмкүн