Иран бийлиги өлкөдө Google Play тиркемелер дүкөнү жана WhatsApp мессенжерин колдонууга салынган тыюуну алууну чечти. Бул тууралуу IRNA агенттиги кабарлады.
Бул чечим Ислам Республикасынын Жогорку маалыматтык коопсуздук кеңешинин катышуучулары тарабынан кабыл алынган. Демилге көпчүлүк добуш менен колдоого алынган.
Иранда Facebook, X жана YouTube жеткиликтүү эмес. Бул платформалар Ислам Республикасында 2009-жылы тыюу салынган. Ошондой эле өлкөдө TikTok жана Telegram да колдонулбайт.
Бул кызматтар 2022-жылы 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнөн кийин башталган нааразычылык акцияларынан улам Иранда жабылган болчу.
Иран президенти Массуд Пезешкиан жайында кызматка келээрде Интернетке чектөөлөрдү жеңилдетүүнү убада кылган.