Иран бийлиги Тегеранда хиджаб кийүү мыйзамын бузган аялдарды дарылоого арналган клиника ачуу пландары жөнүндө билдирди. Бул тууралуу Iran International телеканалы маалымдады. Клиникага баруу ыктыярдуу болору айтылды.
“Бул борбор хиджабды чечүү көйгөйүн илимий жана психологиялык дарылоого багытталат”,-деп билдирди адеп-ахлактык жана бузукулуктун алдын алуу боюнча аялдар жана үй-бүлө иштер департаментинин башчысы Мехри Талеби Дарестани. Ал аталган мекемени көзөмөлдөйт.
Тегеран университетинин бир студенти хижабды туура эмес кийгендиги үчүн көрүлгөн кысымдарга каршы нааразылык билдирүү иретинде көчөгө ички кийимчен чыккан. Ал студент адегенде камакка алынып, кийин психиатриялык клиникага жаткырылган.
Ирандагы бардык аялдар чачтарын жоолук менен жаап, кенен кийим кийүүгө милдеттүү. Азыр өлкө парламентинде хиджаб кийүү эрежелерин катаалдаштыруу тууралуу мыйзам каралууда. Бир жолку эреже бузуу үчүн бийлик 50 доллар айып салууну, кайталанса 400 долларга чейин айып салууну сунуштоодо.