Иранда президенттик шайлоо башталды

Автор

Иранда президент Ибрагим Раиси каза болгондон кийин өлкөдө мөөнөтүнөн мурда жарыяланган президенттик шайлоо башталды. IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө ачылды.
Президенттик орун үчүн төрт талапкер ат салышууда. Алар мурдагы депутат Масуд Пезешкиан, өлкөнүн экс-ички иштер министри жана мурдагы юстиция министри Мостафа Пурмохаммади, Коопсуздук кеңешинин мүчөсү Саид Джалили жана парламенттин спикери Мохаммад Багир Галибаф. Агенттиктин билдирүүсүнө караганда, 14-чи чакырылыштагы президенттик шайлоодо болжол менен 61 миң шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.

Бөлүшүү:
Next Post

Нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Бүгүн, 28-июнда ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, күндүн экинчи жарымында жана 29-июндан 2-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз! — арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз; — […]

Сизге жагышы мүмкүн