Иранда президент Ибрахим Раиси жана тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян баштаган 8 адамдын өлүмүнөн кийин түндө дагы бир кол салуу катталды. Ирандын Лорестан аймагынын коопсуздук кызматынын башчысы, Тегеран шаарынын мурдагы ички иштер башкармалыгынын башчысы Хусейн Рахимини атып кетишти. Азырынча кимдер тарабынан өлтүрүлгөнү айтылган жок. Коопсуздук кызматтары болсо, козголгон кылмыш иштин алкагында изилдөө иштерин жүргүзүп жатышканы айтылды.
Бей Май 23 , 2024
Улуу Британияда жалпы (парламенттик) шайлоо 4-июлда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министр Риши Сунак Лондондогу Даунинг-стриттеги резиденциясынын кире беришинде билдирди. “Бүгүн Улуу Даражалуу (Чарльз III) менен парламентти таратууну сурандым. Падыша бул өтүнүчтү канааттандырды. Жалпы шайлоо 4-июлда өтөт”,-деди Сунак. “Улуу Британияда балдар үчүн жакшы келечекти түзүүдөгү өкмөттүн жетишкендиктери менен сыймыктанарын айтты. “Экономикалык […]