Ирандан Израилдин чабуулу боюнча комментарий келди

Автор

Ирандын аскерлери Израилдин түнкү чабуулу боюнча биринчи жолу комментарий беришти. Чабуулга Тегеран, Хузестан жана Илам провинциялары дуушар болду. Аталган чабуул кайтарылган. Бирок “чектелген зыянга” алып келген.
Израилдин Коргоо армиясы мурдараак Иранга каршы операцияны аяктаганын жарыялаган. Чабуулдун максаттары ракета өндүрүшү заводдору болгону, алар Израилдин аймагын аткылоо үчүн колдонулганы айтылууда. ЦАХАЛ өткөрүлгөн операцияны ийгиликтүү деп эсептейт.
Walla маалыматы боюнча, чабуулга Израилдин Аба күчтөрүнүн 100дөн ашуун учагы катышкан. Ошол эле учурда Сириядагы аскердик объекттер дагы чабуулга кабылган. Иран менен Иракта аба мейкиндиги жабылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Нарын шаарында үч эм төрөлдү

Нарын шаарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ Нарын шаарынын тургуну Алтынай Майрамбекова үч эм кызды жарыкка алып келди. Учурда эне менен кыздардын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жаңы төрөлгөн наристелердин салмактары: биринчи кыз – 2 кг 320 гр, экинчи кыз – 2 кг […]

Сизге жагышы мүмкүн