Ирандагы президенттик шайлоодо Масуд Пезешкиан жеңди

Автор

Иранда президенттик шайлоодо реформатор Масуд Пезешкиан жеңишке жетишти. Ал 69 жашта. 2008-жылдан бери межлистин депутаты. 2000-жылдардын башында Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы болгон.
Талапкер мезгил-мезгили менен Иран бийлигин сындап, АКШ менен мамилелерди түзүүнү жана аялдардын эркиндигин, анын ичинде хиджаб кийүү маселесин колдойт.
58 жаштагы Джалили 2007-жылдан бери Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинде аятолла Хаменеинин өкүлү болуп саналат. Ал катуу консервативдик линияны жактаган жана өзөктүк программа боюнча башкы сүйлөшүүчү болгон.
Иранда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 19-майда мурдагы президент Ибрагим Раиси авиакырсыкта каза болгондон кийин өттү. Иранда президент мамлекет башчысы болуп саналбайт. Ал аткаруу бийлигин көрсөтөт. Өлкөнү диний окумуштуулардан турган адистер кеңеши тарабынан шайланган жогорку лидер башкарат.
Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 4 жылды түзөт жана эки жолу катары менен шайланууга мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро-2024: Жарым финалда беттешчү курамалар аныкталды

Европа чемпионатынын 1/4 финалы жыйынтыкталды. Англия менен Швейцариянын беттеши негизги жана кошумча убакыт берилгенде 1:1 эсебинде аяктады. Ал эми пенальтилер сериясында 5:3 эсебинде англичандар жеңишке жетти. Ал эми Берлиндеги “Олимпиаштадион” стадионунда Нидерланддардын курама командасы Түркия менен кез келди. Оюн 2:1 эсебинде Нидерландиянын утушу менен соңуна чыкты. Эми алдыдагы жарым финалда […]

Сизге жагышы мүмкүн