Ирак Израил боюнча БУУга даттанды

Автор

Ирак БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке жана Коопсуздук Кеңешине Израилдин Иранга сокку уруу максатында Ирактын аба мейкиндигин пайдаланганына байланыштуу нааразылык нотасын жөнөттү. Ирак бийлиги бул окуяны «аба мейкиндигинин жана өлкөнүн суверенитетинин ачык бузулушу» деп атады.
Ирактын премьер-министри Мухаммед ас-Судани билдиргендей бийлик аймактык туруктуулукту сактоо саясатын карманууда жана өз жерлерин аймактык жаңжалдарда колдонууга жол бербөөгө, аларды диалог жана өз ара түшүнүшүү аркылуу чечүүгө умтулат.
Израилдин Аба күчтөрү 26-октябрга караган түнү Иран аймагындагы аскердик жайларга аба соккуларын жасаган.

Бөлүшүү:
Next Post

29-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билидиргендей, 29-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар түшөт жана айрым жерлерде туман болот. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн