“Шылуун айрым жарандар өздөрүнүн үйү туруп, мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алып, аны кайра, ижарага берип койгон учурлар кездешип жатат. Биз аларды текшеребиз жана үйдү кайра алып коёбуз”,- деди мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Жылдыз Бекбаева. Эгер компаниядан үй алган жаран сыртка иштегене кетсе, алынган үйдө анын бала, чакасы жашашы керек. Ижарага бирөөлөрдү киргизүүгө болбойт. Бул мамлекеттин социалдык долбоору. Андан жарандар киреше таппашы керек. Эгер ушундай учур катталса, мамлекеттик ипотекалык компания үйдү кайра кайтарып алуу укугу бар.