Иордания-БАЭ эл аралык коомчулукка чакырык жасады

Автор

Иорданиянын падышасы Абдулла II жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти Мохаммед бин Заид Аль Нахайян эл аралык коомчулукту Израилдин Газага кол салууларын токтотуу үчүн чукул чара көрүүгө чакырды.
Иорданиянын Королдук сотунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Король Абдуллах БАЭ, Бахрейн жана Катарды камтыган Перс булуңу турунун алкагында Абу Дабиге барды. Ал жакта  БАЭнин президенти Аль Нахайян менен жолугушту.
Израилдин Газага кол салууларын токтотуу жана бейкүнөө жарандарды коргоо жолдорун талкуулаган лидерлер Газада тереңдеп бараткан гуманитардык кризиске байланыштуу аракеттерди сүйлөштү.
Эл аралык коомчулуктун кол салууларды токтотуу жана жарандарды толук коргоо үчүн тез арада кадам таштоосу керектигин баса белгилеген лидерлер коопсуз жана туруктуу гуманитардык жардам коридорун ачуу зарылдыгын белгилешти. Алар Палестинада тынчтыкты камсыз кылган  саясий жолдун издөөгө чакырышты.

Бөлүшүү:
Next Post

"Абдыш-Ата" клубу футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

Канттык “Абдыш-Ата” клубу мөөнөтүнөн мурда Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Бул сезондо команда жалпысынан 54 упай топтоп чемпиондук титулун коргоп калды. Алардын запаста дагы бир матчы бар болчу, бирок анын жыйынтыгына карабастан клуб  мөөнөтүнөн мурда чемпион аталды. Өткөн жылы канттык жамаат алгачкы ирет өлкө […]

Сизге жагышы мүмкүн