Индонезиянын Ява аралында Мерапи тоосу атылып, лава кратерден 1,5 чакырымга чейин агып кеткенин Индонезиянын табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча улуттук агенттиги билдирди.
Мекеме жергиликтүү тургундарга жанар тоого 7 чакырымдан азыраак жакындабоого кеңеш берди.
Жарылуудан чыккан заттардын каптоосу 7 чакырымдан ашса, жакын жашаган тургундарды көчүрүү сунушталат.
2190 метр бийиктиктеги Мерапи тоосу Индонезиядагы эң активдүү тоолордун бири болуп эсептелет. Акыркы ири жанар тоо атылышы 2010-жылы болгон. Андан кийин 353 адам жоготууга учураган.