Индия төртүнчү Ай державасы болуп калды

Автор

Индиянын  “Прагян” түзүмүн салган “Викрам” модулу   Айдын бетине ийгиликтүү конду.
Конуу түз эфирде көрсөтүлдү.  Аны 6,5 миллионго жакын эл көргөн.
Индия СССРден, АКШдан жана Кытайдан кийин Айдын бетине аппаратын кондурган төртүнчү өлкө болуп калды.
Викрамды Айга «Чандраян-3» автоматтык планеталар аралык станциясы жеткирди.  Аны менен  бир убакта Жердин жандоочуна  келген россиялык «Луна-25» станциясынын  Айга конуу аракети ийгиликсиз болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Төрөбаев Беларусь премьеринин орун басары менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жумуш сапарынын алкагында Беларусь премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак менен жолукту. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анын жүрүшүндө тараптар түрдүү багыттардагы эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты. Бакыт Төрөбаев белгилегендей, эки тараптуу кызматташуу аркылуу дагы, интеграциялык өз ара аракеттенүү аркылуу дагы мамлекеттер аралык мамилелерди куруу боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн