Индия биринчи гиперүндүү ракетасын ийгиликтүү сынаганын жарыялады
Индия гиперүндүү ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөрдү. Коргонуу изилдөөлөр жана иштеп чыгуулардын уюму (DRDO) 16-ноябрдын кечинде Одиша штатынын жээгинде ракетаны сыноодон өткөргөнүн Индия өкмөтү жарыялады.
Ракетанын учуу аралыгы 1500 чакырым деп билдирди.
Индиянын коргоо министри Раджнатх Сингх бул ийгиликтүү сыноону өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоодо “маанилүү этап” деп атады.
“Бул тарыхый учур жана маанилүү жетишкендик биздин өлкөнү мындай алдыңкы жана жогорку аскердик технологияларга ээ болгон тандалган мамлекеттердин катарына кошту”,-деп жазды Индиянын коргоо министри X социалдык тармагында.