Индиянын премьер-министри Украинага барат

Автор

Индиянын премьер-министри Украинага барат
Индиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, өлкөнүн премьер-министри Нарендра Моди Польшага жана Украинага барат. “The Hindu” басылмасы 23-августта болорун жазган.
Июль айында Индиянын премьер-министри эки күндүк иш сапары менен Москвага барып, РФ президенти Владимир Путин менен жолуккан. Сүйлөшүүлөр учурунда Украина маселеси да талкууланган.
Украина президенти Владимир Зеленский бул визитке нааразычылык билдирген. Өзүнүн тынчсыздануусун АКШ да айткан. Маалыматтарга караганда Нарендра Моди Украинага болгон сапары учурунда Индиянын бул жаңжалда ортомчу болуу сунушун киргизет.

Бөлүшүү:
Next Post

Мейкинбек Абдалиев депутаттык мандатынан ажырады

Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиевди өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажырады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалат. Мындай чечим бүгүн, 19-августтагы Борбордук шайлоо коммиссиясынын жыйында бир добуштан кабыл алынган. Жыйында Абдалиевдин мындай кадамга барган себеби айтылган жок. Ал өзү азырынча эч кандай билдирүү тарата элек. […]

Сизге жагышы мүмкүн