Индиянын премьер-министри тынчтыкты жактарын айтты

Автор

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Украинанын маселесин тынчтык жолу менен чечүү керектигин айтып, анын өлкөсү Европада тынчтыкты колдой турганын билдирди. Бул тууралуу ал Киевге болгон иш сапарынын алдында айтты.
«Индия Будданын салтына ишенет. Ошондуктан согушка эмес, тынчтыкка ишенет. Индия бул аймакта тынчтыкты колдойт, жана азыр согуш үчүн убакыт эмес экендиги ачык. Биз маселелерди чечүү үчүн биргелешип иш алып барышыбыз керек. Индия дипломатия жана диалогго басым жасайт»,-деп билдирди Моди Польшада индиялык диаспора менен жолугушуу учурунда.
Бүгүн, 22-августта, Нарендра Моди Польшага келип, ал жерде премьер-министр Дональд Туск менен жолугары күтүлүүдө. 23-августта анын Украинага сапары пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда унаа терезелерин караңгылатуу арзандады

Кыргызстанда унаалардын каптал терезелерин караңгылатуунун акысы төмөндөдү. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тарта транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун жаңы тартиби күчүнө кирет. Эми тонировкага уруксат алуу үчүн агенттиктин бөлүмдөрүнө барбастан, каалаган ыңгайлуу убакта […]

Сизге жагышы мүмкүн