Индиянын премьер-министри Москвага келери белгилүү болду

Автор

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 8-июлда Москвага бир күндүк сапар менен барат. Бул Индия менен Россиянын кызматташтыгын баса белгилейт.
“Модинин сапары маанилүү, анткени бул өзгөчө визит. Ал премьер-министр болуп үчүнчү мөөнөткө келгенден көп өтпөй жана Россиянын президенти Владимир Путин бешинчи жолу шайланган соң болгону жатат”,-деп жазат Tribune India басылмасы.
9-июнда Нарендра Моди үчүнчү жолу Индиянын премьер-министри болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда

Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Бүгүн, 25-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн