Индиянын премьер-министри Москвага кетти

Автор

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 22-Орус-Индия саммитине катышуу үчүн Москвага кетти.
Индиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Моди Москвага жергиликтүү убакыт боюнча 14:50дө келет. Индиянын премьер-министринин Россиядагы расмий иш сапары эки күнгө созулат.
Буга чейин Моди Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууну күтүп жатканын, аны дос деп атаганын билдирген.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песковдун айтымында, Модинин Москвага сапары учурунда мамлекеттик лидерлердин кеңири күн тартиби, анын ичинде расмий эмес сүйлөшүүлөр пландалган.

Бөлүшүү:
Next Post

9-июлда күтүлгөн аба ырайы

9-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн