Индиянын премьер-министри Киевге келди

Автор

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Киевге келип, Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Сапардын расмий максаты эки тараптуу мамилелер боюнча сүйлөшүүлөр болду. Бул Моди мырзанын Украинага 1992-жылы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки биринчи сапары.
Индиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Нарендра Моди менен Владимир Зеленский саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү, маданий жана гуманитардык маселелерди талкуулайт. Мындан тышкары, Украинадагы жаңжалды талкуулоо күтүлүүдө.
Нарендра Модинин Киевге сапары бир күн болот. Ага чейин ал Польшада иш сапарында болгон. «Украинадагы кырдаал бүткүл дүйнөнү тынчсыздандырууда. Биз согуш талаасында чечиле турган эч кандай конфликт жок экенине терең ишенебиз»,-деди Моди мырза Польшага болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында.

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Месси эмки жумада футбол талаасына кайтат

Аргентиналык атактуу футболчу, “Интер Майами” клубунун жылдызы Лионель Месси футбол талаасына кайтып келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салды. Маалыматка ылайык, аргентиналык футболчу 1-сентябрда боло турган MLS матчына чыгышы күтүлүүдө. Жакынкы күндөрү томугунан алган жаракатынан айыгып жаткан 37 жаштагы аргентиналык чабуулчу машыгууга кайтып келиши керек. Ошол эле учурда Мессинин […]

Сизге жагышы мүмкүн