Индиянын премьер-министри жана Украина президенти сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Автор

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Анда Россия-Украина жаңжалын, аны тынч жол менен жөнгө салуу маселесин, ошондой эле Делинин жана Киевдин ортосундагы негизги кызматташуу багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу Индия премьер-министринин кеңсесинен жана Украина президенттин кеңсесинен билдиришти.
Модинин Украинага болгон сапары Индиянын премьер-министринин 1991-жылы өлкө түзүлгөндөн бери алгачкы жолу баруусу болду. Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерине байланыштуу саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү, маданий жана гуманитардык маселелерди да талкуулашканы айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнө чемпиону U-17: Кыргызстандык балбандар Исаков менен Кахаров чемпиону болушту Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров алтын медал утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Курсантбек Исаков 55 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Ал алтын медаль үчүн беттеште кубанын балбаны Иосиф Иван Бахманнды 4:2 эсебинде жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону болду. Балбан финалга чейин алгач Япония, андан кийин Казакстан жана Американын балбанын жеңген. Ал эми 65 кг чейинки салмак категориясында катышкан балбан Рустамжан Кахаров чечүүчү беттеште россиялык балбан Рамазан Абдулкадыровду 7:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды. Спортчу буга чейин Иран, Австралия, Грузия жана Казакстандын балбандарын ишенимдүү түрдө жеңип, финалга чыккан болчу.

Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров алтын медал утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Курсантбек Исаков 55 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Ал алтын медаль үчүн беттеште кубанын балбаны Иосиф Иван […]

Сизге жагышы мүмкүн