Инвестордун 14 млн доллардык пансионаттын тартып алгандар кармалды

Автор

Ысык-Көлдө инвестордун мүлкүн тартып алууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы Орусиянын жараны Р.Д.А. Кыргызстандын ISEO (Айсео) жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, Ысык-Көл районунун Корумду айылына 14 млн сомго пансионат курган.
«Пансионат курулуп бүткөндөн кийин кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атына жамынган Р.Д.А., О.Б.А., А.К.Т. аттуу адамдар инвесторго зомбулук көрсөтүп, мүлкүн ээлеп алышкан да, өзүн өлкө аймагынан чыгып кетүүгө мажбурлашкан. Бул маалымат боюнча иш жүргүзгөн УКМК кызматкерлери кылмышка шектүү катары ISEO компаниясынын кожоюндары О.Б.А., А.К.Т.ны жана башкы бухгалтери А.Н.К.ны кармашкан»,-деп жазылат маалыматта.
Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат Шайырбек Ташиев «Даңк» медалы менен сыйланды

Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өзгөчө эмгеги таанылып, ар кыл тармакта эмгектенген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Президент Садыр Жапаров 18-декабрда кол койгон №345 жарлык кечээ, 27-декабрда «Эркин-Тоо» гезитинин атайын чыгарылышына жарыяланган. Жарлыкка ылайык экс-министр Кудайберген Базарбаев, коомдук ишмер Бакирдин Субанбеков III даражадагы «Манас» ордени менен, Жогорку Кеңештин […]

Сизге жагышы мүмкүн