Имамидин Ташов кайрадан кармалабы?

Автор

Изин суутуп кеткен Имамидин Ташовдун жүргөн жайы аныкталганы, жакынкы арада алынып келип, кайрадан жоопко тартылаары каңкууланууда. Ал УКМКнын кызматкерлерин 100 млн сом сурады деп жалаа жапкан. Анын мындай аракетине өлкө жетекчилери пикирин билдирип, мыйзам алдында жооп берээрин айтышкан эле.
Имамидин Ташов “KG Групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү. Ал 2020-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болуп катталган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы аны 2023- жылдын 27-октябрында кармаган. Көп өтпөй мамлекеттик бюджетке 52 млн сом төгүп, камактан бошогон. 2024-жылы ага кайрадан издөө жарыяланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Келтирилген чыгым 500 млн

Өткөн айда камакка алынган мурдагы айыл жана суу чарба министри Эркинбек Чодуевдин ден соолугунда көйгөйлөр пайда болгону жана үй-бүлөсү аны чыгаруу үчүн жан үрөп жүргөнү айтылууда. Бирок, ага келтирилген чыгымды төлөө талабы коюлуп жатыптыр. УКМК аны ОсОО “Хлопковая корпорация Лиматекс” ишканасынын аткаруучу директору болуп турганда 50 гектар жерди участок кылып […]

Сизге жагышы мүмкүн