Камактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу Самат Матцаков кармалганы кабарланууда. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал Самат Матцаковдун үйү тинтүүгө алынганын билдирди.
Жактоочу Самат Матцаков журналист Актилек Капаровдун, акын Аскат Жетигендин да укугун коргойт.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет бул тууралуу расмий маалымат бере элек.