“Баламдан кабар алалган жокпуз. Бизге көрсөтпөй жатышты. Анын эч кандай күнөөсү жок. Мүлктөрүбүзгө арест коюлган, компанияны иштете албай жатабыз, кардарлар ызы-чуу болушууда. Соттордон суранаарым, акыйкат чечип беришсин”,- деди кайрылуусунда Имамидин Ташовдун апасы.
Ал баласынан кат келгенин бирок, аны кимге көрсөтөөрүн билбей жүргөнүн айтты. “Катта баары бар, баламды уруп, ток менен кыйнашыптыр. Мен Кыргыз элиме кайрылам. Эне катары чыдабай жатам. Балам адам өлтүрдү беле? Балам эч кандай күнөөсү жок отурат. Акыйкат чечип беришсин деп соттордон суранам”,- деди.