Имамидин Ташовдун абалы айтылды

Автор

Имамидин Ташовдун абалы жакшы эмес, кайра абакка жеткирилди. Бул тууралуу аны жактоочусу Нурсултан Жаныбеков билдирди.
Анын айтуусунда Ташовдун абалы жакшы эмес, бирок кайра абакка жеткирилди.
“Имамидин Ташовдун абалы жакшы эмес. Өзү менен баарлашууга мүмкүн болгон жок, суроолорума жакшы жооп бере албады. Врачтар менен сүйлөшсөм ооруканада кармай албайбыз дешти, кайра абакка конвой алып кетти” , — деди жактоочу Нурсултан Жаныбеков.
Эске салсак, “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 6-декабрда өткөн отурумда мойнун тилип жиберип, эс-учун жоготкон.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жаңы жылда салюттар атылбайт

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында жыл жаңырган түнү фейерверк атылбайт. Мындай чечимди борбор калаанын мэриясы кабыл алганын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы жыл түнү майрамдык концерт гана болот. Буга чейин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жылдык салюттарды атпоону сунуштаган. Экологдордун айтымында, фейерверк экологияга чоң зыян келтирет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн