Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынан Имамидин Ташовдун үй-бүлөсүнө таандык 136 гектар жер аныкталды. Аны кезинде Ленин колхозунун 136 гектар жана 20 гектар кайракы, жалпы 150 гектар жерин Асамидин Ташов ээлеп алган. Бөлүштүрүү жылдары башталганда үлүштү кайтарбай койгон. Мындай маалыматты айыл аймагынын депутаты Абылхалим Миталипов билдирди.
“Ошол 136 гектар жер 15 миңден ашуун калктын үлүш жери болуп эсептелет. Аны элге бөлүнүп берилишин талап кылабыз, бул боюнча борборго биртоп жолу кайрылганбыз”,- дешти айылдын депутаттары.