“KG Групп” курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 10-январдагы жалпы жыйынында билдирди.
Ташиев «Биз Имамидин Ташовдун отурган жеринде башкалар менен сүйлөшкөн сөздөрүн бүт жаздырып алганбыз. Ташовду эмнеге кармаганбыз? Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринин жашоочулары мага кайрылган, «ушул жерде канча жылдан бери жашап, кызыл китеп ала албай жатабыз, Ташовго чара көрүп бериңиз» дешкен. Бул боюнча Ташовду камап, жашоочулардын айткан дооматтары тастыкталган. Ал 52 млн сомду Бишкек шаарынын бюджетине төгүп берди. Эми УКМК кызматкерлери доолады делген 100 млн сом боюнча айтайын.
Ал СИЗОдо отурган жеринде Тилекмат Күрөнов менен бирге сүйлөшкөндөрүн жаздырып алганбыз. Ал Кыргызстанда кайсы күнү төңкөрүш кылышарын сүйлөшүп атышат, бир нече күн сүйлөшүштү. Ошого карабастан биз аны чыгардык, дагы байкадык, качан төңкөрүш кылышар экен деп. Мен ачык айтып жатам. Имамидин Ташов кечээ видео кайрылуусун жарыялады. Ага чейин Тилекмат экөөнүн 100 млн сом талап кылышты деп айтып кое бер, эл баары бир ишенет деп сүйлөшкөндөрү бар. Биз аны баары бир кармайбыз, төңкөрүш уюштурууга даярдангандыгы үчүн жоопко тартабыз», — деди.