Улуу жазуучунун уулу Элдар Айтматов Азербайжандын президенти Илхам Алиевди Чыңгыз Айтматов атындагы орден менен сыйлады.
Илхам Алиев кечээ, 5-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген жана ал Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барган.
Элдар Айтматов “бул орденди биринчи жолу сизге тапшырып жатабыз. Кезегинде атам Чыңгыз Айтматов да Азербайжандын «Достук» ордени менен биринчи болуп сыйланган эле”,- деди.
Президент Илхам Алиев “Чыңгыз Айтматов атындагы орденди алуу мен үчүн сыймык. Сиздер да, Бакуга конок болуп кетиңиздер”,- деди.
Ал Элдар Айматовду үй-бүлөсү менен, ошондой эле Роза Айтматованы чакырган. Ал Бакуда Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулганын белгиледи.
Төө-Ашууда кар. «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө кирди
Шар Ноя 6 , 2024