Америкалык ишкер , Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск 2022-жылы жеке учакта 171 каттам жасап, бул көрсөткүч боюнча башка миллиардерлерди басып өткөнүн “Bloomberg” эсептеп чыкты.
Жалпысынан миллиардер былтыр 600 миң чакырымдан ашык жол баскан.
Рейтингдин экинчи сабын жылына 115 жолу каттаган ишкер Марк Цукерберг жазылды. Үчүнчү орунда Google негиздөөчүлөрү Ларри Пейдж жана Сергей Брин 85 каттам, андан кийин Oracle компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Эллисон 82 каттам жасаганы белгилүү болду.