Илон Маск Трампты колдоого 75 миллион доллар жумшады

Автор

Илон Маск июлдан сентябрга чейин Трампты колдоо комитетине 75 миллион доллар салды
Ишкер Илон Маск АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамптын шайлоо кампаниясын колдогон America PAC саясий иш-аракеттер комитетине 75 миллион доллар салган. Комитеттин отчетуна ылайык, SpaceXтин негиздөөчүсү 3-июлдан 5-сентябрга чейин уюмдун жалгыз донору болгон. Бул аралыкта ал жети жолу каражат бөлгөн.
America PAC шайлоочуларды тартуу максатында Дональд Трамптын кампаниясын колдоп, жарнамаларын каржылайт. Негизги максаты республикачыны колдоо. America PAC бизнесмен тарабынан май айында түзүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Ырахмат сага Сапат! Чыңгыз Айтматовдун небереси ыраазычылык билдирди

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун небереси Эл аралык “Cапат” билим берүү мекемеси тууралуу ыраазычылык кат жолдоду. Баку шаарынын Ада университеттинде окуган Чынара Айтматова Бишкекте өзү аяктаган Сапат лицейи анын бүгүнү, эртеңи жана жалпы Сапат мектептери тууралуу ойлорун ортого салган. – Эл билимден ажырап калса, бир […]

Сизге жагышы мүмкүн