Илон Маск Tesla компаниясы жасаган роботтоштурулган Cybercab таксисин сунуштады.
Масктын айтымында, айдоочу үчүн башкаруу механизмдери орнотулбаган, толугу менен автономдуу электромобилдер бар. Жүргүнчүлөрдү ташуу толугу менен автономдуу режимде ишке ашырылары болжолдонууда.
Масктын айтымында, ишкерлер үчүн робот таксинин баасы 30 миң долларды түзөт. Ал эми жөнөкөй кызматты колдонуучулар чакырымга болжол менен 30-40 цент төлөшөт.
Ачылыш Калифорния штатындагы Warner Bros студиясында өттү. Түз эфир Teslaнын X баракчасында көрсөтүлдү.